Жети-Өгүздө жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 205-чакырымында «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши каза болуп, 1 эркек киши жаракат алган.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.