Ысык-Көлдүк милиционерлер мектеп окуучулардын катышуусу менен жардамга муктаж үй-бүлөөлөргө жардам көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш чарага жогорку класстардын окуучулары катышышышкан. Себеби, адамдарга кам көрүү менен, өспүрүмдөрдүн аӊ-сезиминде адептин таасири ойгонот, башкаларга жардам берүү аракетине түрткү болот.
«Алгач алар Каракол шаарында батирде 2 жашар кызы менен жашаган Венера аттуу айымдын үйунө барышкан. Анын батир акысын төлөп, 2 жашар баласын карап жашоого каражаты жетишсиз. Ага жылуу кийимдер, азык-түлүк жана оюнчуктар, дары-дармек жеткирилди. Ошондой эле 5 баланы жазлгыз тарбиялап келген Максат аттуу жаранга кол сунушту. Жалпысынан облустун аймагында жашаган 22 жардамга муктаж болгон үй-бүлөөлөргө милиция кызматкерлери, мектеп окуучуларынын активистеринин катышуусу менен жардам көрсөтүлдү. Аталган үй-бүлөөлөрдө, бүгүнкү күндө 65-жакын жаш өспүрүмдөр тарбияланып келүүдө», — деп берилет маалыматта.
Ысык-Көл областук милициясынан белгилегендей, азыркы мезгилде моралдык кризистин учурунда, өспүрүмдөрдүн адептик өзгөрүшү байкалууда. Натыйжада, алардын коомчулуктун алдында жеке жоопкерчилиги алсырайт. Ал эми, мындай иш чараларды уюштуруу аркылуу, жаш муундун адеп-ахлак рухун көтөрүүгө жана адамдарга жардам берүү каалоосун тарбиялоодо жагымдуу өбөлгө түзмөкчү.