7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда үйүнөн өрт чыгып, 74 жаштагы жаран иске ууланган

918

Бүгүн, 19-ноябрда Балыкчыда үйдөн өрт чыгып, бир адам иске ууланган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 07:10 чамасында Балыкчы шаарынын Гагарин көчөсүндө көп кабатту үйдүн бир батири күйүп жатат деген маалымат түшкөн.

Жерине Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 07:30 өрт чектөөгө алып 07:50 толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен Ш. Т. 1947-жылы туулган эркек киши түтүнгө ууланып, куткаруучулар жабыркаган жаранды чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

919