Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, биринчи он күндүктө, 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жарандарга бет кап кийүүсү жана санитардык нормаларды сактоо талап кылынат.

Музейге кирүү алдында жарандар музейге кирүү тартиби жана экскурсия талаптары менен тааныша алышат.

Эскерте кетсек, Тарых музейи 2016-жылдын 25-майында оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан имараттын сыртын жасалгалоого 15 млн доллар каржыланган.

Кийинчерээк социалдык тармактарда экспозициянын сметасы жарыяланып, анда жыгач аттар үчүн 14 миң евродон жана гардероб үчүн эмерекке 142 миң евро төлөнгөнү айтылган. Буга байланыштуу 2018-жылдын майында Жогорку Кеңештин депутаттары музейде көчмө жыйын өткөргөн.

Бул чуулгандуу окуядан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иликтөө жүргүзүп, Башкы прокуратура музейдин имаратын оңдоодо жана жабдууларды сатып алууда бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Айыпталуучулардын арасында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да болгон.