ЖАКнын төрагасы Аскат Эгембердиев менен Юстиция Министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын делегациясы Россиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын Волгоград областына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын коомчулук менен байланышуу Секторунун башкы адисти Элеонора Сабатарова билдирди.
Маалыматка ылайык, делегацияны аймактык органдын жетекчиси Александр Просвернин тосуп алып, ведомствонун жана Волгоград шаарындагы No9-түзөтүү колониясында кесиптештер соттолгондорду кармоо шарттары жана мекеменин өндүрүштүк иштери менен таанышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында ЖАКнын төрагасы генерал-майор А.Эгембердиев башкармалыктын жана ведомстволук мекемелердин ишмердүүлүгүн жогору баалап, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Расмий сапардын соңунда Мамаев Курган тарыхый-мемориалдык комплексине жана «Сталинград салгылашы» панорама музейине барышты.