7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Конституциялык реформанын өзгөчөлүгү Башкы прокурорго мыйзам демилгелөө укугунун берилиши

718

Бүгүн, 20-ноябрь прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Бул иш чарада «Конституциялык реформанын дагы бир өзгөчөлүгү Башкы прокурорго мыйзам демилгелөө укугунун берилиши болду», — деп белгиледи президенти Садыр Жапаров.

Анын айтымында, буга чейин жүргүзүлгөн соттук-укуктук реформанын алкагында кылмыш-жазык мыйзамдары кабыл алынып, укук коргоо системасына бир катар сокку урулган.

Мамлекет башчысы Советтер Союзу убагынан бери калыптанып калган эң оор жана ашкерелөөгө кыйын болгон кылмыштарды тергөө укугу прокуратура тергөөчүлөрүнөн алынып салынганын эске салды.

«Менин оюмча бул шашылыш түрдө кабыл алынган чечим болгон. Анткени прокуратуранын тергөөчүлөрү ар дайым сапаттуу тергөөнүн үлгүсү болуп келген. Ошондуктан, 2021-жылдагы жаңы конституциянын талаптарына ылайык, прокуратура органдарына кылмыш куугунтугун жүргүзүү  функциялары, жөнөкөй тил менен айтканда, тергөө жүргүзүү укугу кайра кайтарылып берилди. конституциялык реформанын дагы бир өзгөчөлүгү Башкы прокурорго мыйзам демилгелөө укугунун берилиши болду», — деди ал.

Жапаров белгилегендей,  конституциянын бул  ченеми, ошондой эле  жаӊы кодекстердин жана Прокуратура жөнүндө конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы жакында бекитилген документтердин ийгиликтүү ченемдеринин бири болуп калды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

719