7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров эмне үчүн Түркиялык бараандуу ишкерлерди Баткенге чакырган? Президент жооп берет

625

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Баткен облусуна тийиштүү актуалдуу маселелер боюнча Баткен облустук медиа борборунун суроолоруна жооп берди.

Алып баруучунун «Түркияга болгон сапарыңызда ал жактын бараандуу ишкерлерин Баткен облусуна келип ишканаларды ачкыла деп чакырдыңыз. Эмне үчүн Баткенге?», — деген суроосуна, «Биринчиден, Баткен облусу 30 жылдан бери унутта калган облус болчу. Муну моюнга алышыбыз керек. Экинчиден, башка облустарга салыштырмалуу сугат жерлери да аз. Жердин көпчүлүк бөлүгү чопо топурак. Анан албетте элдин жашоо шарты начарлап кетип, айрым жарандарыбыз үйлөрүн сатып салып көчүп кетишкен.  Ошондуктан кызматка келген биринчи күнүмдө эле Баткен облусуна өзгөчө статус беришибиз керек, – деген тапшырманы бергем.  Азыр эми өзгөчө статуска ээ болду. Эми бизнесмендер, жарандар салыктын бир топ түрлөрүнөн бошотулду», — деп жооп берген.

  • Биринчиден, салыктар жоюлгандан кийин ички жана тышкы инвесторлор өндүрүштүк ишканаларды ача башташат.  Курулуштарды курушат. Жаңы, заманбап аэропорт салынат. Кыскасы, Баткен облусу тез убакыттын ичинде өнүгөт.
  • Экинчиден, элдин да тез бутуна туруп кетишине өбөлгө түзүлөт.

«Кудай буюрса келе жаткан жылы бир топ өндүрүш ишканалары салына баштайт. Азыр пландоо иштери жүрүп жатат. Алар салынып бүтсө иш орундары ачылат. Чек арага жакын жайгашкан жерлерге жаңы айылдарды салып, толук бүткөн инфраструктурасы менен жаштарга бөлүп беребиз. Баткен облусунан көчүп кеткен жарандарыбыз кайрылып келе башташат. Баткен боюнча мына ушундай иштер жүрүп жатат», — деп кошумчалады.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

626