7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Актёр Бактыбек менен актриса Алтынай баш кошушту. Өнөрлүү үйдүн балдары (ФОТО)

4393

Актёр Бактыбек Нурмат уулу менен кесиптеши Алтынай Муканбет кызы баш кошушту. Бул тууралуу жаш жубайлар куттуктоо постторду өздүк баракчаларына бөлүшүшүүдө.

Алар 3 жыл кыз-жигит мамилесинде болушкан жана алгач Алтынай 9-классты бутүп, жаңы окууга тапшырган учурда таанышышкан.

Жаштардын үлпөт тоюу өзгөчо болуп, Бактыбектин достору менен Алтынайдын курбулары жар-жар айтышып, ыр-бий менен коштолгон. Ошондой эле тойго жаш жубайлардын жакындары, өнөрлүүлөр, белгилүүлөр чогулушуп, алардын эл билбеген таланттарын ачып, бактылуулук каалашты.

Бактыбек Нурмат уулу бир нече кыргыз кинолоруна, клиптерге катышып, каскадерлук өнөрүн дагы тартуулап келет. Ал тамашоучу Куба (Кубаныч Курманбек уулу) менен аталаш бир тууган. Ал эми Алтынай Макунбет кызы да жолдошунан кем калбаган, Кыргызстандагы алдыңкы кинолордо, сериалдарда, клиптерде тартылып келет. Ал куудул Күмөндөр Абыловдун карындашы Марсгүл Абылованын кенже кызы.

Эки жаш тең өнөрдү сыйлаган үй-бүлөдөн болгондуктан, мындан кийин дагы чыгармачылыкта бири-бирин колдошоорун билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4394