Быйыл шайлоого сарпталган каражаттарга көзөмөл күчөтүлдү. Алсак ал бир талапкер, партиянын фондуна келип түшкөн каражат, анын сарпталышы да БШКнын сайтында ачык жарыяланууга тийиш.
Партиялар менен талапкерлердин шайлоо фондуна чогулган каражаттары шайлоодо жеңип чыгуусуна себеп боло алабы? Эң жогорку сумма 33 млн 642 миң Ата-Журт Кыргызстан партиясына топтолсо, эң аз каражат 1 млн 26миң “Жашасын Кыргызстан” партиясында.
БШКнын расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык партиялардын шайлоо фондуна жалпы 167 млн 023 миң 757 сом топтолгон. Үгүт башталган күндөн 17-ноябрга чейин партиялар 154 млн 966 миң 679 сом сарпташкан. Негизинен каражатын үгүтчү жалдоого, жарнама жана банерлерге коротушкан.
Талапкерлердин акчасы көп болгондугу шайлоодо утуп чыгат дегенге негиз эмес. Бул ирет үгүтчүлөрдүн санына да чектөө коюлган. Каражат негизинен жарнама жана баннерлерге колдонулуп жатат.
Ошентсе да быйыл шайлоого сарпталган каражаттарга көзөмөл бар. ММКлардагы үгүт материалдан сырткары блогерлердин постторуна чейин эсептелүүсү талап кылынууда. Алсак Facebookка чыккан маалыматтар да көзөмөлгө алынып, үгүт материалдардын суммасы 27 917 АКШ долларына жеткени ачыкталды.