7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектепте теракт уюштуруу боюнча маалымат тараткан окуучу кармалды

796

УКМК Бишкектин айрым орто мектептеринде террордук актыларды жасоо коркунучу бар бир нече видеолорду жайгаштырган “@ krasty.mshn” аккаунтундагы “Тик-Ток” интернет тиркемесинин колдонуучусун тапкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы интернеттеги социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда аныктаган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы видеолордун автору аныкталып, ал орто мектептердин биринин 6-классынын окуучусу 2009-жылы туулган “Т.А.Ч.” болуп чыкты. Ал бейбаштык максатта террордук актыларды жасоо коркунучу бар видеолорду жайгаштырган.

Бул факт КР Жазык кодексинин 246-беренесинин 1-бөлүгү («Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда УКМК Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

797