Бүгүн, 24-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы отурумда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Социал-демократтар» партиясынан талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти.
Мындай чечимге көпчүлүк талапкерлер добуш беришкен. Ал эми чечим Билим берүү жана илим министрлиги жөнөткөн каттын негизинде кабыл алынган.
Буга чейин УКМК Рыскелди Момбековдун Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жасалма дипломун ачыктап чыккан. Ал эми министрлик Момбековдун окуу жайга тапшырганы жана 2003-жылы бүтүргөнү тууралуу архивдик материалдарда документтер табылбаганын билдирген. Ошондой эле, министрлик Момбековдун биринчи диплому жасалма болгондуктан экинчи диплому мыйзамсыз экенин билдирген.
Рыскелди Момбеков – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ал 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого “Социал-демократтар” партиясынан талапкер болуп бараткан.