«Манас” бажысынын кызматкерлери 8 миллион сомдон ашык суммадагы контрабандалык товарларды алып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик Бажы кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Дубай багыты боюнча авиакаттамдан келген жүргүнчүлөрдү бажылык тариздөөнүн процессинде 71 санда «iPhone» маркасындагы мобилдик телефондорду – товарларды контрабандалык ташып кирүүгө бөгөт коюлду. Товардын жалпы наркы 8 279 448 сомду түзгөн.
И.А.А. аттуу жаран “Жашыл коридор” бажы контролу формасын тандап алуу менен (коштолуучу жүктү текшербестен), бажы органдын кызматкерине декларациялоо үчүн товарлардын жоктугун билдирген. Андан ары бажы контролу зонасынан чыгып кетүүгө аракет кылганда кармалган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган. Материалдар УКМК тергөө органдарына караштуулугу боюнча өткөрүп берилген.