7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди

633

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 «КРнын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана президентинин администрациясынын түзүмү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган.

Мындан улам жана «КРнын  Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жобосун жана башкаруу схемасын бекитүү чечими кабыл алынды.

Буга катар төмөнкүлөрдү бекитүү чечими кабыл алынды:

—  Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндө жобо;

—  Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобо;

— Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобо;

— Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо;

— Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын уставы;

—  Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын уставы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

634