Өлкө башчы Садыр Жапаров Мамлекеттик мүлктү катуу сынга алып, 1 айдын ичинде отчёт берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу ал Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
«Мамлекттик мүлк боюнча. Барбы бул жерде? Мамлекеттик мүлк канча мүлкүңөр бар, кайсыл жерде жайгашкан, баасы канча ошону так билбейт экенсиңер. Учёту жок экен. Мамлекеттин канча мүлкү бар учёту жок экен. Ошондуктан мунун баарын изилдеп чыгып, учётко коюп жана рыноктук баасы канча тактап чыккыла. Андан сырткары, бюджеттин аткарылышы боюнча дагы өтө чоң кемчиликтер бар экен. Бул эки маселени, Арзыбек Кожошев барбы, келиңиз, муну көпкө күтүштүн кереги жок. Эки ай өтө көптүк кылат, бир айдын ичинде бүтүрүп чыгып, мага отчетун бересиз.
Урматтуу катышуучулар, биздин мамлекеттик мүлктүн мамлекеттик мекемелерди биз ай сайын, керек болсо жума сайын отчетун алып, текшерип турушубуз керек. Кандай иштер жүрүп жатат, кайсыл багытта бара жатат, канча киреше тапты жана ушул сыяктуу маселелерди керек болсо күнүгө алып турсак болот», — дейт ал.