7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров жумушчу сапары менен Түркмөнстанга учуп кетти

642

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, жумушчу сапары менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымсатка ылайык, сапардын алкагында Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат.

Уюмга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчылары ЭКУ мейкиндигинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат, ошондой эле Түркмөнстандын Уюмга жана анын уставдык органдарына төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарары күтүлүүдө.

КРнын расмий делегациясынын курамында:

— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талант Султанов;

— Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев

— Кыргыз Республикасынын Экономикалык Кызматташтык Уюмундагы Туруктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Турдакун Сыдыков.

Белгилей кетсек, Президент бүгүн, 28-ноябрда, кечинде Бишкекке келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

643