Анын айтымында, “жымжырттык” күнүндө партия жана талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

“Добуш сатып алуу жана баннерлерди туура эмес илүү боюнча маалыматтар келип түшкөн. Учурда алар териштирилүүдө. Жыйынтыгын жакын арада чыгарабыз”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө. Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 282 талапкер ат салышууда.