Кыргызстанда шайлоо башталгандан бери 2 саат аралыгында, тактап айтканда саат 10:00гө карата 107 миң 852 шайлоочу катышты. Бул туурлауу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Региондор боюнча алганда алдыңкы активдүү катышуу Ош облусу 3,62%, Баткен облусу 3,12%, Ош шаары 3,45% болсо, Ысык-Көл менен Чүй облусунда көрсөткүч төмөн болууда.
Шайлдабекова бардык шайлоочуларды келип добуш берүүгө чакырды.