7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

619

Бүгүн, 6-декабрда Өзбекстандын президенти телефон аркылуу президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн башчылары эки тараптуу күн тартибин жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Шавкат Мирзиеев, Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады. Ал Жапаровдун эки өлкөнүн ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелерди чыңдоодогу олуттуу салымын белгиледи.

Жапаров өзбек кесиптешине жылуу каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-өзбек күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен достук жана конструктивдүү ишти улантууга даярдыгын тастыктады.

Мамлекет башчысы ошондой эле эки мамлекет ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоонун, Кыргызстан менен Өзбекстандын калкынын жыргалчылыгы үчүн эки тарапка пайдалуу долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

620