Бишкекте быйыл жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим экологиялык себептерге байланыштуу кабыл алынган.
Жыл сайын күз-кыш айларында жылытуу мезгилине жана унаа каражаттарынын күйүүчү-майлоочу майды керектөөсүнүн көбөйүшүнөн улам борбор калаада абанын булганышынын деңгээли жогорку чекке жетти. Буга байланыштуу мэрия экологиялык абалды андан ары начарлатууну туура эмес деп эсептейт.
Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы ага кетчү каражатты кайрымдуулукка жумшайт.