7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Электр энергиянын 900 млн сомго жакын карызы мыйзамсыз эсептен чыгарылган

810

Электр энергиясына болгон карыздарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик “Ошэлектр”, “Жалалабатэлектр”, “Чыгышэлектр” жана “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомдору менен ыйгарым укуктуу органдарынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 2016-2020-жылдар аралыгында жалпы 897 млн 288 миң 500 сомдук электр энергиясына болгон карыздар мыйзамсыз эсептен чыгарылып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

“Тактап айтканда, жогоруда аталган мекемелер тарабынан абоненттердин карыздарын сот тартибинде өндүрүп алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлбөй, карыздардын орду толтурулбаган. Башка учурларда, сотко доо арыздар берилип, бирок сот аткаруучулардын карыздарды өндүрүүгө мүмкүн эмес деген мыйзамсыз чечимдерине таянып, негизсиз түрдө карыздарды эсептен бошотуп жиберишкен”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорудагы жооптуу кызматкерлер коррупциялык кызыкчылыктарын көздөп, өздүгү такталбаган, аталган даректе жашабаган же көрсөтүлгөн дареги такыр жок болгон абоненттерди карызкорлордун тизмесине атайылап кошуп, алардан өндүрүүгө мүмкүн эмес деген негизде карыздарды эсептен чыгарып келишкен.

Учурда жооптуу кызматкерлердин кыймыл аракеттерине баа берүү жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү максатында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен төрт кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

811