Жылына 8 млн сом айланткан ишкерлер салыктан бошотулат, бирок талаптар дагы бар. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.
Бул Жарлыкта жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошотуу каралган. Мындан тышкары, толук кандуу аналитикалык платформаны ишке киргизүү максатында төмөнкү талаптар болот:
- ККМ-онлайнды милдеттүү колдонуу;
- электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонуу;
- киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө;
- жер салыгын, мүлк салыгын төлөө (бар болсо);
- импорттук-экспорттук операциянын жок болушу.