Жумгалда өз кызын эки жылдан бери зордуктап жүргөн 54 жаштагы жаран 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жумгал райондук соту тастыктады.
Маалыматка ылайык, жаран ушул жылдын сентябрь айында өз кызын зордуктап жүргөн деген шек менен кармалган. Ал мурда аялын өлүмүнө айыпталып, соттолуп чыккан. Ал 15 жылга соттолуп, аталык укуктан ажыратылды.
Кылмышка шектүү 2010-жылы абакка кесилген. Сот аны 16 жылга эркинен ажыраткан. Ал пробацияга илинип, 2018-жылы эркиндикке чыккан.