7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө тилемчилик кылып жүргөн балдар аныкталды

891

Ысык-Көлдө тилемчилик кылып жүргөн балдар аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаш өспүрүмдөр түнкүсүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүрө турган, тилемчилик менен алектенүүчү жана балдардын эмгегин колдонуучу 1000ден ашык жайлар жана коомдук жайлар текшерүүдөн өткөрүлдү.

Түнкү саат 22.00дөн кийин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 55 өспүрүм, 49 эмгектенген жана 8 тилемчилик менен алектенген балдар аныкталды. Бардык аныкталган фактылар боюнча балдар ички иштер бөлүмдөрүнө алынып келинип, ата-энелери да чакырылып, жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин үйлөрүнө кайтарылды.

Андан тышкары, милиция кызматкерлери тарабынан, жаш өспүрүмдөр тарбияланып жаткан 5 оор турмуштук абалдагы үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

892