Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Роман Власов Акжол Махмудовду жекеме-жекеге чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.
Белгиленгендей, олимпиаданын эки жолку чемпиону, Европанын төрт жолку чемпиону, 31 жаштагы Роман Власов кыргызстандык мушкер Акжол Махмудов менен күч сынашууга даяр.
«Көпчүлүк күйөрмандар Акжол Махмудов менен беттешүүнү жазып жатышат. Ал өзүнүн деңгээлин Олимпиада оюндарында далилдеди. Ал экөөбүз дагы күч сынашсак, кызыктуу болмок го дейм. Биз дагы беттеш уюштурушубуз керек деп эсептейм. Анткени убакыт өтүп жатат, күйөрмандар күтүп жатат»,-деген ал.
Ал эми кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов буга жооп катары бул видеону өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялап, күйөрмандарына «урматтуу менин күйөрманым, бул күч сынашуу сизге чынында эле кызыкпы? Кызык болсо канчалык?» деген суроо салган.