7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асел Кадырбекова: Бир чечимге келип, өрттөнүп жаткан көңүлүм ордуна келе баштады

3533

Ырчы айым Асел Кадырбекова 2020-жылды жыйынтыктап, 1 жылдык өмүр сабагы менен бөлүштү. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

Анын айтымында, бул жылдын жыйынтыгы ден соолугунун калыбына келиши менен жакшы жыйынтыкталган.

«Кудайга шүгүр! Жаман дебеймин. Эң негизгиси ден соолук ордуна келди. Ички дүйнөм, бир чечимге келип, өрттөнүп жаткан көңүлүм ордуна келе баштады. Ойлорумду жыйнадым! Санаам басылды. Баарын кечирдим, жана коё бердим! Жаңы пландарды койдум. Терең-терең дем алышты, кээ бир нерселерге маани бербөөнү, өзүмдү өзүм колго алып, эч нерсеге карабай, башты тик кармап, күлүп жашоону, жашоо өзү эле үйрөтүп койду. Жамандык эми болбосун. Бирөөнү жаман же жакшы деп айтпайм. Ар бир адамдын кылган чечимине. Өзүнүн көз карашы, ой жүгүртүүсү, кандайдыр абалды кабыл алуусу жана сөзсүз жакындары себеп болот. Демек, бул туура! Өзүбүздүн ой жүгүртүүбүз, көз карашыбыз өзгөрмөй сайын, жашообуз миң башынан баштаганда дагы, эч нерсе өзгөрбөйт. Жашоомдон алган сабагым. «Өзүңдү өзүң сүй!» Башкаларга «удобный» болбой. Өзүң каалагандай жаша. Бүгүн барбыз, эртең ким билет? Эмне болуп кетет…

Буйруса жаңы жылда сиз менен бөлүшчү жаңылыгым көп.Ошол күндөргө жеткизсин!», — деп жазган ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3534