7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук кардиология борборунун жамааты Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн президентке даттанышты

1997
Улуттук кардиология борборунун жамааты Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн президентке кайрылышты.
Маалыматка ылайык, бул кайрылуу президент Садыр Жапаровго жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Улуттук кардиология жана терапия борборнунун 500 адамдан ашык эмгек жамаатынын атынан кеткен.
Кайрылуу толугу менен өзгөртүүсүз берилди:
«Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Кыргыз Республикасынын Улуттук кардиология жана терапия борборунда бүгүн 169 жогорку билимдүү дарыгерлер, 190 медайымдар жана 130 кенже медициналык кызматкерлер, баарын кошкондо 500дөн ашуун адам эмгектенет. Булардын ичинен 17 адам медицина илимдеринин доктору, профессор наамы болсо, 36сы медицина илимдеринин кандидаты болуп саналат. Жамаат акыркы 3 жылда материалдык жана моралдык бекемделүүнүн жолунда болуп медициналык кызмат көрсөтүүдө бараандуу ийгиликтерди жарата баштаган. Акыркы 30 жылда биздин Улуттук борбор капиталдык ремонт дегенди унутуп араң эле жашап калган. Качан гана жамаатка мындан 2 жыл мурда медицина илимдерин доктору, тажырыйбалуу илимпоз кардиолог Акбай Сарыбаев жетекчи болуп келгенден кийин ишибиз өрдү карай жыла баштаган. Акбай Сарыбаев Улуттук кардиология борборуна 35 жылдык өмүрүн талбай арнап келди. Бул ишкана анын өмүрү, тагдыры, жашоодогу ийгиликтеринин булагы болуп келгени анык. Ал Бишкектеги медициналык институтту аяктагандан кийин түз эле кардиология борборуна келип, дал ушул жерден талбай иштеп жүрүп, илимдин кандидаты, доктору, эң башкысы тажырыйбалуу дарыгери болду. Дал ушул адамдын аракети менен Кыргыз-Индия мамлекеттеринин биргелешкен мемарандумунун артында атайын илимий борбор уюшулуп, 10 жылдан ашуун бул аракеттен натыйжалар жаралды. Илимпоз дарыгер өзүнүн талбас эмгеги, илимий жетишкен тажырыйбасы менен жамааттын ынтымагын бириктирип, кардиология борборунда бир катар материалдык-техникалык жетишкендиктердин маанайын жаратты. Ал гана турсун мындан 2 ай мурда, тагыраак айтканда 26-сентябрда Сиздин колуңуздан Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген дарыгери наамын алды.
Мына ушундай ийгиликтер Улуттук борбордун жамаатынын жана жетекчисинин шыгына шык кошуп, мыкты эмгектенүүгө шарт жаратканы менен анын экинчи көйгөйлүү жагы пайда болду. Акыркы 3 айда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен кардиология жана терапия боюнча Улуттук борбордун директору Акбай Сарыбаевдын ортосунда келишпестиктер күчөдү. Буга бүтүндөй жамаат күбө. Министр Бейшеналиев кызмат абалынан пайдаланып жүйөсүз асылып куугунтуктоону күчөттү. Мындай аракеттердин себеби, — менин макулдугумсуз эмгек сиңирген дарыгер наамын кантип алдың, — деген доомат болду. Биз министрдин мындай ичи тардыгын жана көрө албастыгын байкап, бир нече кесиптештик адамгерчилик жолдору менен түшүнүшүүгө аракет кылдык. Бирок ал көгөрүп ондогон адамдардын көзүнчө, — сен Акбай кыйын болуп кеттиңби? Мен сени эки чайнап бир жутам. Өмүрүңдү түрмөдө чиритем, экинчи кардиологияда баскыс кылам. Ал эми сенин сасык индустарыңды уруп ойнобойм. Алар ким болуп калыптыр. Тез жоголушсун, — деген шылдыңдоо сөздөрүн жамааттын көзүнчө айтып келди. Буга саналуу адамдар күбө. Акыры ошондой ой-максаттарын ишке ашыруу үчүн быйылкы жылдын 4-октябрынан 12-октябрына чейин шашылыш түрдө бир жумага министрликтин аудиттик текшерүүсүн жөнөтүп, ал аркылуу жарашпаган жалааны жаап чыкты. Ар кандай кызматтардан ашыкча, жетишсиз деген дооматтар менен 200 миң сомдон ашуун жетишпестикти бетке кармап, жегич-ичкич деген сөздөрдү коомчулукка таркатып келди. А бирок ошол эле кезде Улуттук борбордогу текшерүүдөн жаралган кемчилдиктер заматта эске алынып, алар өндүрүштөн тазаланып калыбына келтирилген. Мамлекетке бир сомдук зыян жок. Ал гана турсун мындай жалаага чыдабаган Улуттук борбордогу Кыргыз-Индиялык тоолуу биомедициналык илимий борборунун административдик кеңешинин мүчөлөрү М.Н.Джумабаев, Н.АӨмүрзакова, Б.Ш.Эркебуланова, З.Д.Мусаева, Ж.О.Өмүралиев, В.К.Звенцова, М.А.Чукубаев, Д.А.Аипова, А.О.Токтогулова, Н.К.Таймолдоева жана башкалар кол коюушуп, министрлик аудиттин туура эмес аракеттерине кайра текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасына кайрылышкан. Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Н.Б.Осмонов бул маселенин 2021-жылдын жыйынтыгы менен 2022-жылы карай турганын билдиришкен.
Министр Алымкадыр Бейшаналиевдин кызмат абалынан өзгөчө ашыкча пайдаланганын ушундан билүүгө болот. Ал мына ушул 13-октябрь 2021-жылы жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнү мыйзамсыз жасаганында. Анткени министрликтин текшерүүчүлөрү болгон Б.Ногойбаев, К.Молдобаев, Н.Ысмаилов, Т.Орозбаев, А.Жолочуев деген текшерүүчүлөр эч кандай министрликтин кагазы, буйругу жок барып текшеришкен. Министр 30-ноябрь күнү келип Акбай Сарыбаевди жамааттын көзүнчө кагып силкип, иштен алып, анын ордуна ургенттик-кардиология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору Медет Таштанович Бейшенкуловду министрдин атайын буйругу менен дайындаса эки күн өткөндөн кийин 5-декабрь күнү ал оз ыктыяры менен директор болуудан баш тартты. Айласы кеткен министр Бейшеналиев 3 күндөн кийин буйругун өзгөртүп, кардиологиядагы башкы дарыгер Мамырайым Жумабаевди директордун милдетин аткаруучу кылып дайындады. Ушундан улам министр Бейшеналиев үчүн Улуттук кардиология жана терапия борбору саясий-эсперменталдык лаборотория болуп калдыбы деген суроо жаралат. Бул аз келгенсип ал 1-декабрь (2021-жыл) күнү дагы атайын буйрук менен аудиттик текшерүү жөнөттү. 3 айда кайра-кайра 2 ирет аудиттик текшерүүгө алуу, 3 күндө 3 ирет жетекчи алмаштыруу бул министрдин кызмат абалынан ашыкча укугун пайдалануубу? Бул бүгүнкү мезгилдеги саясий куугунтуктун классикалык далили катары көрүнгөн маселе. Муну ким териштирет?
Буга карабастан министр Бейшеналиев, — Улуттук борбордогу Кыргыз-Индия биомедициналык илимий борборду жоготом, индустардын бизге кереги жок, аппараттарын камаздарга жүктөп ээлеген этажын дароо бошотушсун, — деп кыйкырып-бакырып эл аралык мамилелерге түкүрдүм деген сөздөрүн ачык айтты (аудио үнү бар). Министрдин мындай жоорук-жосунуна министрлер кабинети баа бергендин ордуна анын сунушун колдоп, Акбай Сарыбаевди кызматтан териштирүүсүз эле алып салганына жол болсун. Мындай жагдайлар биздин урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин саясатын туура эмес жагдайларга түртүп жатат деп түшүнөбүз.
Урматтуу Президент!
Алымкадыр Бейшеналиев кандай болгон күндө да Сиздин тандооңуздан өткөн министр. Биз ал жөнүндө Сизге начар көз карашта айтсак балким ишенбейт чыгарсыз. 30-ноябрь күнү министр Бейшеналиев биздин жамаатка келип, Улуттук борбордун кызматкерлерин укпай, бизди тоготпой кол шилтеп, элдин көзүнчө, — Акбай, кабинетти бошот, — деп кыйкырып кулжуңдап чыгып кетти. (Видеосу тиркелет)
Ушундай да маданиятсыз, адамгерчиликсиз, караөзгөй адам министр болобу? Бир ишканага 35 жыл өмүрүн арнаган илимдин докторун, профессорду шылдыңдап, жамаатынын көзүнчө жетим баладай кордошко ага ким укук берди? Дал ушул Акбай Сарыбаев 2 ай мурда эле Сиздин колуңуздан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери наамын албады беле. Сиз сыйлаган адамды министр жеп жутам, каматам деп коркуткан саясат баштаса, биздин өлкөдө эмне маданият, эмне саясат калат? Сиздин министриңизди, тагыраак айтканда Алымкадыр Бейшеналиевдин айынан Кыргыз Республикасынын прокурору Курманкул Зулушев 16-ноябрда антикоррупциялык кеңешмеде 179 миллион сомдук жараксыз вакцинаны сатып алышкан деген айыпты угузган минстр ушунчалык ызы-чуулуу кекчил болобу? Акбай Сарыбаевди эмес Бейшеналиевди ойлонбой туруп камай турган маалыматты өлкөнүн башкы прокурору айтып жатпайбы. Ошол минстр татынакай иштеп жаткан Улуттук борбордун директорун, илимдин докторун, профессорду, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген дарыгерди кордоп, жамаатынын көзүнчө сөгүп-сагып жумуштан алышка Алымкадыр Бейшеналиевдин моралдык укугу бар беле? Дагы 2 айдан кийин Акбай Сарыбаев пенсия жашына келмек. Министр өтүнүп суранса ал өзү деле жетекчилик орунду бошотуп бермек. Адамгерчилиги жана маданияты жок, 500дөй кызматкердин назарынан калган бул минстрдин моралдык этикасына жана билимсиздигине ким жооп берет? ( Айтылган дооматтар боюнча аудио-видео далилдер толугу менен бар).
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Кыргыз Республикасынын кардиология жана терапия Улуттук борборунун 500дөн ашуун жамааты Сизден чыныгы жетекчи, кардиология жана терапия Улуттук борборунун лидери, профессор, медицина илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген дарыгер Акбай Сарыбаевди кайра өз ордуна коюп беришиңизди суранабыз!
Кайрылууга 364 кызматкер кол койгон.
Ушул эле арыздын мазмуну өлкөнүн Башкы прокуроруна жана Тышкы иштер министрине жолдонду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1998