Теле алып баруучу, блогер, соңку убактарда блогерлик менен алектенген Назира Айтбекованын «Уят» аталышындагы жүктөгөн уяттуу сүрөтү интернет колдонуучулардын кызуу талкуусун жаратты. Ал сүрөтүн социалдык баракчаларына жүктөгөн.
Анын айтымында, кийим кийип алып уяттуу иштерди жасаганга караганда алда канча таза экендигин баса белгилеген.
Ал сүрөттүн алдына төмөндөгүчө ойлорун калтырган.
«“Уят эле уяяяят!”
Бизде кыргыздарда уят кийимге эле бүткөн! Кийим кийип алып коррупция кылсаң , уят эмес!
Кийим кийип алып, ууру кылсаң, элдин казынасына, ырыскысына кол салсаң, уят эмес!
Кийим кийип алып, каратып туруп, калп айтсаң, уят эмес!
Кийим кийип алып, сүрөтүн тартып алып, *екс сунуштаган уят эмес!
Кийим кийип алып , элдин , балдарыңардын келечегин 500 — 1000 сомго саткан уят эмес!
Кийим кийип алып, аялдарыңардын, эрлериңердин башын аттагана уят эмес!
Кийим кийип алып, киши өлтүргөн уят эмес!
Кийим кийип алып, аялыңарды ур — токмокко алган уят эмес!
Кийим кийип алып, балдарыңарды, өз кызыңарды, туугандарыңардын балдарын зордуктан уят эмес!
Кийим кийип алып, бирөөнү зордуктап коюп , кетип калган уят эмес! Бала жасап коюп, алменттен качып жүргөн уят эмес!
Кийим кийип алып, ушактаган, жек көргөн, ичи таарыган уят эмес!
Кийим кийип алып, калп айтып, асмандын башын айткан уят эмес!
Кийим кийип алып, кызматына, байлыгына карата мамиле кылган уят эмес!
Айтор, адамгерчиликтин баарын тебелеген уят эмес да жаратылышты көргөзгөн эмнегедир уят!
Адамдар, але , келесоосуңарбы? Мээңер менен ойлонгон ошончо оорбу???
Денесин көргөзгөн эч нерсе эмес! Ар бириңе караганда таза жашайм! Уурадабайм, өлтүрбөйм, жаман ой жугузбайм, жаман иш жасабайм, көрүнгөн мн оонабайм, адал тамак табам.
Анан укмуш нерселерди эмнеге “Уят!” деп чыкпайсыңар?! Эмнеге ???? Мээңерди иштетип алып, уят деген эмне ойлонуп алып, анан жазгылачы, байболгурлар!
Эй , эки жүздүүлөр, маска кийип алып, эл алдында башканын ролун ойногон уят эмес да менин сүрөтүм уятпы? Өзүңөрдүн башыңардагы төөнү көрүп алгыла алгач! Анан уят дегиле!», — деп жазган ал.