7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте күйөөсү кызганычтан улам аялын бычак менен сайган

1401

Бишкекте күйөөсү кызганычтан улам аялын бычак менен сайган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аялына бычак менен кол салуу окуясы №1 шаардык клиникалык ооруканада болгон. 

Милиция кызматкерлери 8-декабрда шектүү кызганычтан улам бычак менен аялынын санына бир нече жолу бычак сайганын, андан соң аял ооруканага жаткырылганын аныкташкан.

Бул факт боюнча экспертиза дайындалып, «бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Шектүү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, кийинчерээк иштин чоо-жайы такталгыча ал коё берилген. Жабырлануучу 9-декабрда милицияга арыз жазып, күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Бирок эртеси күнү жабырлануучу күйөөсүнө коюлган дооматтардан баш тартуу боюнча каршы арыз түшкөн», — деп билдиришти Ленин РИИБден.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1402