7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кайгуул кызматкерлерине баш ийбей качкан айдоочу кармалды

987

Бишкекте кайгуул кызматкерлерине баш ийбей качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-декабрда Дэн Сяопин жана Патриса Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Nissan Mistral унаасын токтотушканда айдоочу кызматкерлерге баш ийбей токтобой качкан.

Ал качып бара жатып, коомдук коопсуздукту бузуп, башкаларга да тоскоолдук жана коркунуч жараткан.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында Nissan Mistral үлгүсүндөгү унаа Медеров жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинен 1973-жылы туулган Р.К. аттуу айдоочу кармалып, ал мас абалда болгон.

Бул факты боюнча айдоочуга жалпы 7 протокол толтурулуп, унаа айып короого киргизилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

988