7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад облусунун символикалык атрибуттары тандалды

1311

Бүгүн атайын комиссия Жалал-Абад облусунун символикалык атрибуттарын тандоо боюнча акыркы жыйынын өткөрдү.

Маалыматка ылайык, ага КРнын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, комиссия курамына кошулган облустагы тармактардын кызматкерлери жана аксакалдар катышты.

Келип түшкөн жалпы эмгектердин арасынан Жалал-Абад облусунун туусу, герб жана гимни тандалды.

Алардын жеңүүчү авторлолу гербди Бакыт Байжигитов, тууну Мирлан Жунусалиев, гимндин текстин Самидин Стамбеков жазса, обонун Арзыбек Бедияров даярдаган. Символикалык атрибуттарда облустун аймагындагы негизги өзгөчөлүктөр камтылган.

Гербдин ортосунда Жалал-Абаддын аркасы, айланасына облус өлкөдөгү электр энергетиканын борбору катары сүрөттөлүп, мунай өндүрүү, айыл чарба, жаңгак токоюу, Саймалуу-Ташта түшүрүлгөн байыркы сүрөт элементтери чагылдырылган. Ал эми туу көк түстө болуп, сол тарабында улуттук оймо чийме, ортосунда алтын түстөгү учуп бара жаткан шумкар жана күндүн 12 шооласы түшүрүлгөн. Бул облустун он эки район-шаарларын билдирет. Гимнде да аймактын баалуулуктары даңазаланган.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облустун символикалык атрибуттарын кайрадан түзүү боюнча жарыяланган сынак төрт ай бою жүрүп, 15ке жакын сунуштар келип түшкөн.

Алдыда жеңүүчүлөргө бөлүнгөн жалпы 200 миң сом (тууга, гербге, ураандын текстине, ураандын музыкасына 50 миң сомдон) акча каражаты тапшырылат.

Белгилей кетсек, облустун символикалык атрибуттары алгач 1997-жылдары кабыл алынып, кийин алардын айрымдары саясий партиялардын эн белгилерине окшоп калгандыктан нааразычылыктар жаралып, колдонулбай калган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1312