7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Антошка» тамактануучу жайындагы жарылууга ижарачы күнөөлүү деп табылды

876

Сот Бишкектеги «Антошка» коомдук тамактануучу жайындагы жарылууга ижарачыны күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи май райондук сотунун 5-ноябрындагы өкүмүнө ылайык, Абдил Карыпбеков Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 261-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, коомдук тамактануу тармагында эки жылдык мөөнөткө ишкердик иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 2 (эки) жыл 6 (алты) айга эркиндигинен ажыратылган.

«КР Жазык Кодексинин 83-беренесинин негизинде Карыпбеков 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн бошотулду. Ошондой эле, Карыпбеков өрттөн жабыркаган 2 жаранга 50 миң сомдон компенсация төлөөнү милдеттендирди.

Эске салсак, Бишкекте 2019-жылдын 8-ноябрында тез тамактануучу жайда жарылуу болгон. Өрттүн кесепетинен кафенин кызматкери каза болуп, 13 адам жабыркаган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

877