7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды

637

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы 2022-жылы ЕАЭБде боло турган төрагалыгынын алкагында кыргыз тарап Комссиянын бардык сунуштарын карап жана талдап чыгууга даярдыгын белгиледи.

«Бүгүн биздин алдыбызда пандемияга чейинки өсүү ыргагына кайтуу жана экономикалык көрсөткүчтөрдүн мындан аркы интенсивдүү өнүгүүсүн камсыздоо тапшырмасы турат.
Пандемиянын кесепеттери кирешелердин төмөндөөсү, жумушсуздук, ошондой эле Биримдикке мүчө-мамлекеттердин экономикаларынын ортосундагы ажырымдын чоңойуусу болду. Бул өңүттөн алганда биз Биримдиктин интеграциялык дараметин жана ар бир мүчө-мамлекеттердин атаандаштыктагы артыкчылыктарын экономикаларыбызды чыңдоо жана алардын шайкеш өнүгүүсү менен жакындоосун камсыз кылуу максатында, интеграциябыздын туруктуу өнүгүүсү үчүн толук кандуу пайдаланышыбыз керек», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

ЕЭК төрагасы үстүбүздөгү жылдын 11 айында өлкөнү өнүктүрүүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасына көңүл буруп, ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара соодасынын жакшы көрсөткүчтөрүн белгиледи, анын ичинде Кыргызстандын дагы — 32,7%.

Тараптар евразиялык интеграциянын алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууну макулдашышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

638