7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда майыптыгы бар балдар үчүн компьютердик класс ачылды

840

Жалал-Абадда майыптыгы бар жаштар үчүн компьютердик класс ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү окуу классынын ачылышы менен алыскы айылдагы майыптыгы бар балдардын заман талабына ылайык билим алуусуна шарт түзүлдү.

«Бул багытта айыл өкмөт тарабынан даярдалган долбоорду Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду каржылаган. Ага жалпы 2 миллион 2 миң сом акча каражаты каралып, тендердик баасы 1 миллион 940 миң сомду түзгөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бөлүнгөн каражатка компьютер, музыкалык аспаптар, эмеректер жана башка керектелүүчү техникалар алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

841