7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеңүүчүгө 100 миң сом берилди. Ош шаарынын бренди иштелип чыкты

803

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов туризм тармагын өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан Ош шаарынын бренди иштелип чыкты.

Маалыматка ылайык, ага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары, шаардык кеңештин төрагасы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, туристтик компаниялар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Эми Ош шаары дүйнөлүк туризм тармагына өзүнүн бренди менен чыгат. Борбор Азиядагы шаарлардын арасында эң алгачкы жолу өзүнүн туристтик брендин иштеп чыкты.

Ошондой эле туристтик логотип үчүн конкурс жарыяланып, ага 70тен ашык эмгек келип түшкөн. Атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан россиялык Михаил Чулиндин логотиби жактырылды. Брендде Улуу Жибек Жолун чагылдырган кербен, Оштун символу болгон Сулайман-Тоо, жарым ай жана жылдыз камтылган.

Жеңүүчү болгон дизайнерге Ош шаарынын мэриясы тарабынан 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Ошондой эле иш-чарада улуттук кийимдердин көргөзмөсү болуп, туризм тармагынын өкүлдөрүнүн жакындан баарлашуусу менен коштолду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

804