Чүчүкулактын жыйынтыгында алты команда эки тайпага бөлүндү. Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө.

Беттештерге президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышууда.