Бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук мелдешинде “Алга” командасы “Журналисттерди” 3:1 эсебинде жеңип чыкты. Мелдеш Бишкектеги “Газпром” комплексинде өтүүдө.
Чүчүкулактын жыйынтыгында алты команда эки тайпага бөлүндү:
- А тайпасына “Алга”, “Бизнес-коомчулугу” жана “ЖМК” командалары кирди;
- В тайпасына “Президенттин администрациясы”, “Федерация” жана “Өнөр” командалары кирди.
- В тайпасында “Президенттин администрациясы” командасы “Федерацияны” 3:2 эсебинде утса, “Өнөр” командасы менен 2:2 эсебинде тең чыкты.
- А тайпасында “Бизнес-коомчулугу” командасы “Алганы” 2:0 себинде утса, “Алга” “Журналисттерди” 3:1 эсебинде артта калтырды.
Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө.
Беттештерге президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышууда.