Кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук мелдешинде Жапаров баштаган президенттин администрациясы спорттук федерациянын командасын 3:2 эсебинде утуп алды.
Буга чейин “Өнөр” командасы менен президенттин администрациясы 2:2 эсебинде тең чыкса, бизнес-коомчулугу «Алга» командасын 2:0 эсебинде утту.
Белгилей кетсек, беттештерге президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышууда.