7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдөгү 3 баланын өмүрүн алган өрт кырсыгы. Окуянын чоо-жайы айтылды

1161

Кечээ, 29-декбарда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, өрттүн кесепетинен 3 жаш бала каза болгон. Ысык-Көл ОИИБи окуянын чоо-жайын айтып берди.

Маалыматка ылайык, өрттөн эки жаштагы эки кыз жана беш жаштагы бала каза болгон. Болжол менен турак үйдүн аянты 105 чарчы метри толук күйүп калган.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБинин маалыматына ылайык, өрт чөп жыйналган сарайда чыккан.

«Көз жумган балдар өрт чыккан тарапка жакын үйдүн бөлмөсүндө ойноп жаткан. Үйдүн чатыры урап калгандыгы үчүн балдарды куткарууга үлгүрбөй калышкан. Ал эми башка бөлмөдө сыналгы көрүп жаткан чоңдор жана балдар терезеден сыртка чыкканга жетишкен”, — деп айтылат маалыматта.

Өрт балдардын от менен ойноосунан чыккандыгы да айтылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1162