7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байге фонду 600 миң сом: Чубак ажынын жаркын элесине арналган китеп сынагы өтөт

995

Маркум аалым Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган «Аалымдардан алтын мурас» республикалык китеп окуу сынагы өтөт. Бул сынак IQRA долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат.

Маалыматка ылайык, сынак Имам Газалинин «Ихяу Улумид-дин», Чубак ажы Жалиловдун «Бактылуулук формуласы-1», «Бактылуулук формуласы-2», Алмамбет Осмон уулунун «Основы Ислама» аталышындагы китептеринин алкагында өтөт.

Байге фонду 600 миң сомду түзүп, окурмандардын жаш курагына, жынысына чектөө коюлбайт.

Белгилей кетсек, сынакка катышуу үчүн 2022-жылдын 10-мартына чейин www.iqra.kg сайтына катталыш керек жана 20-мартта онлайн да, офлайн да тартипте өткөрүлөт. Дүйнөнүн кайсы жеринен болсо да, катыша алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, китеп кайсы тилде болсо, сынактык тест да ошол тилде жүргүзүлөт.

Катыша тургандар IQRA долбоору Телеграм-каналына катталып жана (0774) 10-05-67 номерине байланышса болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

996