7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жол фондуна» жетекчи болуп Улан Акматбеков дайындалды

684

Улан Акматбеков “Жол фондунун”, Кадырбек Нурмамбетов “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын, Таалайбек Ашымбеков “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 1-февралда Жогорку Кеңеште «Жол фондун» түзүүнүн шарты, анын жол-жобосу камтылган мыйзам долбоору боюнча жыйын болуп, долбоор Кыргызстандын аймагында жол тармагын өнүктүрүү үчүн каржылык ресурстарды түзүүгө багытталган.

Анын негизги максаты жол тармагынын иштешинин финансылык базасын чыңдоо жана жол тармагын өнүктүрүүгө жана тышкы карызды тейлөө экени айтылган.

Эскерте кетсек, январь айында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Жол фонду» түзүлгөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

685