2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде Министрлер кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө чечими кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан өндүрүш үчүн чийки заттын жетишсиздигине жол бербөө максатында төмөнкүдөй тыюу салуулар киргизилген:
- КРнын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары жыгач жана жыгач материалдарын ташып чыгууга (экспорттоо) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы №282 токтому);
- КРнын дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы №14 токтому);
- Иштетилбеген, же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блок же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка ташып чыгарууга (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №316 токтому);
- Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөрдү киргизүү (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы No 335 токтому).