Бишкекте дыйкандардын жарманкеси май айына чейин уланат. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын Разаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин дыйкандардын жарманкеси өтөт. Бул иш-чаранын максаты сатып алуучулар менен дыйкандардын алакасын ортомчуларсыз түз уюштуруп, баалардын туруктуулугун кармоо.
Бишкекте май айына чейин дыйкандардын жарманкеси өтөт
