7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең депутаттар Баткенге барып көчмө жыйын өткөрөт. Эмне маселе каралат?

700

Эртең, Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусуна барып көчмө жыйын өткөрөт. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Баткенге Жогорку Кеңештин «Ынтымак» жана «Ишеним» фракцияларынан депутаттар барат. Алар «Баткен облусунун макамы жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын карайт. Ошондой эле 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн аскердик кагылышуунун кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшү жана андан аркы эскалацияга жол бербөө маселеси каралат.

Мындан тышкары Тажикстан менен чектеш аймактардагы кырдаал жана Ош облусунун Ноокат районундагы капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж айрым унаа жолдорго байланыштуу маалымат угулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

701