7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Некролог. «Легендарлуу парламенттин» депутаты Чоробек Байгазаков каза болду

1014

«Легендарлуу парламенттин» депутаты Чоробек Байгазаков 76 жаш курагында каза болду.

Ал 1946-жылы 5-декабрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылында туулган. 1964-жылы Финансы-экономикалык техникумду аяктап, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1964-жылы Ат-Башы районундагы Киров атындагы колхоздо башкы бухгалтердин орун басары, башкы бухгалтер болуп иштөө менен баштаган. 1969-жылы Ат-Башы райондук айыл чарба башкармалыгында текшерүү тобун жетектеп, 1971-1974-жылдары Нарын облустук айыл чарба башкармалыгында текшерүү бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

1974-1981-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы совхоздо башкы экономист, 1983-1992-жылдары «Живпром» мамлекеттик мал чарба комплексинде жана Баш-Кайыңды совхозунда башкы экономист, директордун орун басары жана директорлук кызматтарды аркалаган.

1992-1995-жылдары Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким болуп иштеп, 1995-2000-жылдары Ат-Башы токой чарбасынын директору, Ат-Башы райондук кеңешинин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчысы болгон.

Чоробек Байгазаков бир канча жолу айылдык жана райондук кеңештердин депутаты, 1990-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Парламенттин төрагасы баш болгон депутаттар тобу маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат.

Мамытов Т. Т., Исаева Д. К., Примов У. Б., Сыдыгалиев Н. О., Абдибаева А. Н., Абиров Ж. Б., Ажибаев Ч. И., Азыгалиев Н. А., Айдарбеков Ч.А., Айдарова А. А., Айжигитов С.А., Акаев Ж. К., Алиев М. К., Алимбеков Н. К., Алимжанова Н. Я., Алимжанов Ф. А., Алтынбеков А., Атажанов Ы. Ы., Атамбаев С. А., Ашимова Д. А., Бакасов У. Б., Бакиров Ө. М., Бекешев Д. Д., Джумабеков Д. А., Джусупов Э. Р., Жакышов Р. Ш., Икрамов Т. И., Исатбек кызы А., Исираилов А. А., Исмаилов Ф. Д., Кадырбеков Н. К., Кенжебаев А. Б., Кожокулова Г.А., Козуев А.А., Кокулов Э. К., Коргонбай уулу Ж., Култаева Г. О., Кыдыкбаев Ж. С., Лурова Л.Х., Мадумаров А. К., Мажитова Ш., Малиев А. К., Мамасадыков З. Д., Маматалиев М. А., Масабиров Т.А., Масалиев И. А., Маткеримов А. Т., Матраимов И. И., Молдобекова Г. С., Мураталиев М. М., Нарматова Н. А., Нурбаев Ж. П., Омурзаков С. А., Ормонов У.З., Осмонов А.Ж., Ражабалиев Н. А., Раимбачаева В. К., Сабиров Р. А., Садырбаева Ж. Э., Саккараев М. Д., Самыйкожо М., Сарбагышев М. К., Сарыбашов Т. Н., Сатыбалдиев Э.Р., Сулайманов А. Т., Сулайманов К. К., Сулайманов Э. Н., Султанбекова Ч.А., Сыдыков Б. У., Сыдыков М. Ж., Таалайбек кызы Ж., Талиева К.А., Ташиев Ш. К., Таштанбеков А.Д., Темирбаева М. О., Тентишев Б. Э., Токторбаев Ж.Ш., Токтошев Э. Т., Толонов Д. Э., Торобаев Б. Э., Турсунбаев А. А., Тулобаев Б. З., Тумонбаев А.Т., Ханджеза К. Л., Чойбеков Б. К., Шабазов Б. В., Шакиев Н.Т., Эрбаев А.Т., Сабырбеков А.А.,Шаболотов Т.Т., Карапашов Б. Ш.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1015