7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөлүк рейтинг: Мээрим Жуманазарова сап башына чыкты

882

Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча 68 кг салмакта дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жаңыланган рейтингден кийин экинчи орунда келе жаткан Мээрим Жуманазарова жалпы 83 миң 600 упай менен сап башына көтөрүлдү.

Ал эми Айпери Медет кызы Түркиядагы мелдеште алтын медаль утуп, өзүнүн рейтингин жогорулатты. Медет кызы 76 кг салмакта жалпы 67 миң упай менен экинчи орунга чыкты. Айсулуу Тыныбекова (62 кг) 86 миң 400 упайы менен биринчи орунду сактап калды.

Эскерте кетсек, Жуманазарова 24-27-февралда Түркияда өткөн «Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan» эл аралык рейтингдик мелдеште күмүш медаль утуп алган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

883