Бишкек шаарындагы Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча кайрадан шайлоодо беш пайыздык босого чектен өткөн талапкерлерге күрөөсү кайтарылып берилет. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Алдын ала жыйынтыкка ылайык, Биринчи май шайлоо округу боюнча Эльвира Сурабалдиевадан тышкары Нурбек Тотонов жана Нурбек Токтакунов 5 пайыздан ашык добуш алды. Свердлов округунда көпчүлүк добушка ээ болгон Абдурахманхаджи Муртазалиевден тышкары күрөөсүн кайтарып алчу 5 талапкер бар. Ал эми 5 пайызга жетпегендердин акчасы бюджетке которулат. Шайлоого катышуу үчүн ар бир талапкер 100 миң сом күрөө койгон.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралда кайрадан шайлоо болуп өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, Свердлов округунда Абдурахманхаджи Муртазалиев 5 806 добуш (19.52%) менен озуп чыккан. Ал эми Биринчи май округунда Элвира Сурабалдиева 9 225 добуш (47.97%) менен алдыга чыкты.