7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Харьков шаарындагы борбордук аянтта жардыруу болду

739

Бүгүн 1-мартта, Украинанын Харьков шаарындагы борбордук аянтта жардыруу болду. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенконун билдирүүсүнө таянып жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Андагы маалыматка ылайык, жардыруудан 1 адам каза болуп, 3 адам жараат алган. Бул аянтта Харьков облусунун мамлекеттик администрациясынын имараты жайгашкан.

Эске салсак, Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал 24-февралдын таңында тутанган. Тагыраагы, Орусиянын лидери Владимир Путин Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп сыпаттады. Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын жана бул аргасыздан жасалган чара экендигин билдирген.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

740