Шаардын бир катар жерине жер өтмөктөрүн курууну пландап жатканын Бишкектин жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, технологиянын заманы болгондуктан жер өтмөктөрүн салууда көп деле кыйынчылык болбойт.
“Ар бир кесилиш жолдордо унаалар бурулганда жөө жүргүнчүлөр өтүп жол тыгыны пайда болууда. 10-15 жер астындагы өтмөктөрдү каза турган техникалар бар. Мурункудай асфальттын баарын талкалап, казып, жолду жарым жыл жаап коймой жок. Алмадытан көрдүм, жолдун астынан казып кирип аркы жагынан чыгып кетет. Биз дагы бир канча жер астындагы өтмөктөрдү салышыбыз керек. Мен муну өз планыма киргизип жатам”, — деди Абдыкадыров.
