7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеште мамлекеттик телеканалдарды менчикке өткөрүү маселеси каралды

736

Праламентте айрым депутаттар мамлекеттик телеканалдарды менчикке өткөрүү маселесин көтөрүштү. Бул сунуш бүгүн, Коомдук телерадиоберүү корпорациясын «Улуттук» кылып өзгөртүү маселеси каралып жатканда айтылды.

Маалыматка ылайык, Нурлан Шакиев, Дастан Бекешев жана башка депутаттар каналдарды менчикке өткөрүү менен бюджеттин каражаты үнөмдөлүп, контенттин сапаты жогорулай турганын айтышты.

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министри Азамат Жаманкулов каналдарды айрымдарын менчикке берүүгө каршылык жоктугун, бирок КТРК менен ЭлТР мамлекеттик бойдон калышы керектигин билдирди.

Ошондой эле Министр мамлекеттик бардык телерадиолорду жана басылмаларды бир холдинг аркылуу башкаруу долбоору талкууланып жатканын айтты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

737