7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КТРКнын макамын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

629

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында “Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында баяндама жасаган маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жамангулов аталган мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы 5-майда Кыргызстан элине кайрылуусунда айткан маселени ишке ашыруу максатында даярдалганын белгиледи.

“Анда мамлекет башчы Коомдук телерадио берүү корпорациясын реформалоо зарылдыгы тууралуу айткан. Ошондой эле 2021-жылы 2-августа КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ж.Бакашованын “КТРКны реформалоо жана аны Улуттук телерадио берүү корпорациясына айландыруу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун президенттин администрациясына киргизүү жөнүндө тапшырмасын аткаруу багытында иштелип чыкты”, – деди.

Талкуу маалында депутат Балбак Түлөбаев толук расмий тилде көрсөткөн канал ачууну сунуштаса, депутат Дастан Бекешев каржыны үнөмдөө багытында мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалап, айрымдарын сатуу керектигине токтолду.

Өз кезегинде министр “5-канал” жана “Пирамида” телеканалдарын сатууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп, мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ЖМКлар да болушу шарт деди.

Ал эми Нурланбек Шакиев мыйзамды колдоорун айтып: “Буга чейин коомдук деп аталганы менен атына жараша иштетилген жок. Андыктан мамлекеттин карамагына бир телеканал, бир гезит калтырып, калгандарын жана бардык облустук медиа борборлорду жоюу керек”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары депутат Фарходбек Алимжанов каналдын макамы өзгөртүлсө, кызматкерлердин маянасы канчага көбөйтүлөөрүнө кызыкты. КТРКнын Башкы директору Кайрат Иманалиев: “1000 сомго көбөйтүлөт”, – деп жооп берди.

Депутат Мирлан Самыйкожо КТРКда 6 канал, 3 радио бар экенин белгиледи.

«Бардыгы өз багытында жигердүү иш алып барып жатат. Андыктан, кызматкерлерди кыскартууга негиз жок. Мамлеттик баалуулуктарды, улуттук идеологияны жана бардык багыттагы жаңыланууларды чагылдырып келе жаткан каналдын ишин баалашыбыз керек», – деди.

Ошондой эле депутат Улан Примов: “Облустук телерадио берүү компанияларын жаңы түзүлө турган улуттук корпорацияга киргизүүнүн зарылчылыгы эмнеде?” – деген суроо узатты.

Өз кезегинде Кайрат Иманалиев: “Бирдиктүү редакциялык саясат жүргүзүлүп, облустук каналдар өз материалдарын республикалык деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Биздин негизги максаттарыбыздын дагы бири кызматкерлеринин чыгармачылык потенциалын жогорулатуу”, – деди.

Талкуу маалында коомду агартууга, маданий баалуулуктарды жайылтууга жана улуттук идеологияны калыптандырууга багытталган материалдарды даярдоо, маалыматтык бейтараптуулукту камсыздоо тууралуу сунуш-пикирлер айтылып, мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

630